www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда 2023-жылы жалпы инвестициянын көлөмү 42 миллиард долларга жетет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев экономика боюнча жыйын учурунда билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылы 31 миллиард өлчөмүндө түз инвестиция тартылган. Анын натыйжасында соңку беш жылда өнөр жай өндүрүшү 1,4 эсеге, экспорт 1,5 эсеге көбөйгөн.
Быйыл 11 миллиард доллар түз инвестицияны өздөштүрүү пландалууда. Бул өлкөдөгү жалпы инвестициянын көлөмүн 42 миллиард долларга чыгарууга жол ачат.
Мирзиёев экономиканын туруктуу өсүшү үчүн жакынкы беш жылга өндүрүштү 1,5 эсеге көбөйтүп, экспортту 20 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлганын айтты. Бул үчүн 120 миллиард доллар инвестиция, анын ичинде 70 миллиард доллар чет элдик инвестиция зарыл.
Дүйнөлүк банк 2022-жылы май айында жарыялаган баяндамасында Өзбекстан башка өлкөлөрдөн экономикалык өнүгүү жаатында 30 жылга артта экенин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg