www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшкан.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Өкмөттөр ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Бажы кызматтары ортосундагы өз ара сооданын бажы-статистикалык маалыматтары менен алмашуу жаатында иштешүү тартиби жөнүндө протокол;

- Бажы кызматтары ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызпатент) менен Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Энергетика министрликтери ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Энергетика министрликтери ортосундагы энергетика көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз өкмөтү менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы кыргыз өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

- 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протокол;

- 2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз өкмөтү менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;

- Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;

- Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Өзбекстандын Жизак облусунун хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Министрлер кабинети менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- 2023-2025-жылдарга карата министрлер кабинети менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;

- Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Айыл чарба министрликтери ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Жизак облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

- Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

- Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Наманган облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

- Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Анжиян облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;

- Энергетика министрликтери ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Бизнес-форумдун алкагында кол коюлган документтер:

- “Дастан ТНК” ААКы менен TOSHELECTRAPPARAT ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);

- Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Фергана облусундагы “Baxodir Log'on Tekstil” (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости