www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Россияны жек көргөндөр экономикасы менен валютасына зыян келтире алышкан жок, талкалоочу инфляцияны жарата алышпады», -  деди Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Шанхайда өткөн россия-кытайлык форумда.

«Өткөн жылы Россияны каптаган санкциялык кысымдар экономиканы талкалоо менен бирге карапайым жарандардын жашоосун оорлотуу ниетин көздөдү. Бирок, эч натыйжага жетише алышкан жок. Россия мындай карама-каршылыктарга туруштук берип эле жөн болбостон сезилээрлик өнүгүү кадамдарын жасап жатат»-деп баса белгиледи Мишустин. 

Москва буга чейин бир канча жолу билдиргендей өлкө Батыштын бардык кысымына туруштук берет, мындай санкциялык кысымдар Орусиянын экономикасына эч кандай зыян бербей тургандыгын айтып келишет. 

«Узак мөөнөттүү Батыштын мындай стратегиясы тескерисинче дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку уруп, кырдаалды курчутуп жатат», - дейт Россиянын президенти Владимир Путин.

Анын айтымында «АКШ нын лидеринин жана анын союздаштарынын максаты миллиондогон адамдардын жашоосун оорлотуу».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости