www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто эркек киши 61 жаштагы ишкердин 1,7 тонна балыгын алдап алып кетип, из жашырган. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

17-мартта тартип сакчыларына 61 жаштагы Л. Х. аттуу жаран кайрылып, Н. Б. жана Н. А. аттуу адамдарга чара көрүүнү суранган.

"2023-жылдын январь айында экспорттойбуз деп 1,7 тонна балыкты алып, ошол тейден из жашырышкан. Мындан улам ишкер 621 миң сомдук чыгымга учураган", — деп айтылган маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.

"1988-жылы туулган Н. Б. аттуу жаран жашырынып жүргөн жеринен убактылуу камак жайына алып келинди. Тергөө учурунда анын Токмок шаарында дагы бир канча алдамчылык кылып, ага иш козголгону маалым болду", — деп билдиришти.

Милициядан тергөө уланып жатканын кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости