www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун боюнча билдирүүсү катуу талкууланууда. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

- Уу коргошун боюнча менин пикирим оң эле. Болгону ошону жакшынакай кылып өзүнүн жолу менен сергектикти сактап, медицинада айтылгандай дозасын бекемдеп, керек болгон ооруга берилсе, жардамы болушу мүмкүн.

Эгерде көп кишиге колдонула турган болсо, медицина жагынан текшерип, фармацевтикалык компаниялардан текшерүүдөн өткөрүп, андан соң колдонууга болот. Жөн эле бере бергенде туура эмес жолго түшкөн болуп калабыз.

Ошондуктан, баарын өз жолу, өз эрежеси менен кылбасак, же бир аз эле дозасынан каталык кетип калса кооптуу. Ошондуктан, фармацевтикалык мыйзамга салып, тууралап берген оң.

Айрыкча онкологиялык ооруларга башка эч нерсе жардам бербей калганда гана ошондо колдонууга болот. Айла жок болгондо гана берилет. Эгер массалык түрдө берилчү болсо, эксперимент катары колдонуп көрүп, мыйзамдаштырып, катуу көзөмөл менен гана колдонгон оң деп эсептейм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости