www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар!

Уул-кыздарыңар илим-билимге, түрдүү адистиктерге, инновацияга, көп тил билүүгө умтулбай динге умтулуусу жалпы улуттук трагедия экендигин, ХХI кылымдагы дүйнөлөшүү процесси динге берилген, туташ сабатсыз, ынтымагы жок элдерди тегирмендин барасына салынган буудайдай майдалап, элинин саны көп жана кубаттуу өлкөлөргө көз каранды кылып, аларга сиңирип, улуттук касиетинен ажыратып жок кылып жибере тургандыгын билбейсиңерби?

Диндер ХХI кылымда кайсы бир күчтүү мамлекеттердин, диний уюмдардын, диний топтордун, кайсы бир адамдардын Кыргызстанга окшогон чакан өлкөлөрдү, элдерди көз каранды кылуучу, руханий жактан кулдандыруучу, улут катары жок кылуучу, акча жасоочу материалдык жана идеялык согуш куралына айланып кеткендигин билбейсиңерби?

Эгерде Кыргызстанда диний оор кырдаал дал ушундай калыпта улана берсе, мунун акыры Оогандын, Сириянын, Ирактын кейпиндеги диний-жарандык жаңжалга алып келе тургандыгын, мунун өзү 7 миң жылдык тарыхы бар көөнө Кыргызды жаш жана ташбоор Элдерге чөк түшүрүп, жок кылып тынарын билбейсиңерби?

Кыргыздар!

Эгерде биз эмитен ойлонбосок, ойгонбосок, ар намысыбызга келбесек, уул-кыздарыбызды жаркын келечекке эмес, орто кылымга, кайсы бир элдерди бузуктуктан алып чыккан, бирок салты күчтүү кыргызга тиешеси жок диндерге багыттап жиберип, эптеп күн өткөргөнгө адаттансак, кайдыгер болсок, анда бизди ушул кылымга алып келген ата-бабаларыбыздын арбагы кечирбейт жана келчек муундардын убалына калып, алар биздин муунду сыймыктанып эмес, улуттун чыккынчы жана саткын мууну катары каргап, эскере тургандай абалга келип такалдык!

Кыргыздар!

Биз Жараткан улуу Кудайды жана улуу Манасты эстеп, Тилибизди кор кылбай колдонуп, Салтыбызды сактап, Диндерге эмес, Мыйзамга баш ийип, Руханий баалуулуктарыбызды коргоп, ынтымактуу болуп, Уул-кыздарыбызды Илим-билимге, көп Тил билүүгө, түрдүү Адистиктерге үйрөтүп, Прогресске умтулсак анда биз ХХI кылымдагы Дүйнөлөшүү “сынагынан” ийгиликтүү өтүп, Алдыңкы жана Өнүккөн ӨЛКӨГӨ айланабыз!

Абдымамбет Сариев, серепчи

Булак: NazarNews.kg

Последние новости