www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина АКШдан Орусияга каршы күрөшүү үчүн электрондук согуш техникаларын сатып алууга жардам сурады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Рейтерc агенттигине берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, министр тиешелүү өтүнүчтү өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу учурунда билдирген.

Жакында, Киев жана Батыш өлкөлөрү Москванын Украинадагы агрессивдүү аракеттерине тынчсыздануусун билдиришти. Тактап айтканда, Вашингтон "агрессиянын" күч алгандыгын жана Крым менен Украинанын чыгыш чек араларында орус аскерлеринин кыймылын жарыялады.

Бул билдирүүлөргө комментарий берип, Кремль Россия өз аймагына өз аскерлерин өз ыктыяры менен мобилизациялап жатат деп билдирди. Россиянын Президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул эч кимге коркунуч туудурбайт.

Маалымат үчүн, Европа Биримдигинин Эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Хосеп Боррелл Россия Украинанын чек арасындагы аскерлеринин санын көбөйтүп, Крымды аннексиялап жаткандыгын, учурда аймакта 100 миңден ашуун аскер тургандыгын билдирди.

Эске салсак, 20-апрелде Украинанын Президенти Владимир Зеленский Россиянын Президенти Владимир Путинди Донбасска чакырып, жолугушууну сунуш кылган.

Умиджон Нозимжонов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости