www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асылбек Токтогулов

Бир топтон бери Профсоюздар уюмундагы жемкорлук боюнча сөздөр айтылып келет. Бирок, тийиштүү органдар тарабынан чара көрүлө элек. Жакында дагы бир былыктын бети сыйрылып, жогорку эшелонун курчап алган мафиялык топ 400 миң сомго чейин айлык алары билинди. Ал эми өз кесиби менен иштеген жөнөкөй кызматкерлер 5000 сом маяна алса, аны да үч айга бөлүп беришет экен.

Эльдар Тажибаев

Ошондой эле бул уюмда бирөөнүн аялын тартып алган бузукулуктар да көбөйгөнү Жогорку Ксңеште айтылды. Бул чирип бүткөндүгүнүн далили да. Токтоосуз түрдө чара көрүлүп, жыйынтык чыгарылышы керек. Асман чапчыган айлыктар боюнча айта кетсек, Билим берүү министрлигинин кесиптик бирлигинде иштеген Асылбек Токтогуловдун маянасы 159 миң сом, тоо-кен металлургияны карагандар 150 же 99 миң сом, муниципалдык мекемелерди тескегендер 77 миң сом, маданият тармагындагы Жайчиева 82 миң сом, Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин карагандар 59 мнң сом, саламаттык сактоодо Накен Саалиев 90 миң, Каратаев 70 миң, энергетика тармагын караган Шамиль Осмонов 74 миң сом маяна алып турган.

Накен Саалиев

Ал эми тоо-кен металлургия тармагын караган Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сом алган. Булар туруктуу маянадан тышкары бир жолку эмгек акы дагы алып келишкен.

Парламенттеги жыйында Элдар Тажибаев бир жолу 244 миң сом, андан бери такай 125-130 миң сом маяна алып жатканын кошумчалады.

Алмазбек Жакыпов

Мындан сырткары, алар эки-үч жылдын аралыгында 10-20 ирет чет өлкөгө командировкага чыкканын белгилеп өттү. Баса, Финансы министрлиги кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 563 сомду түзөрүн жарыялаган.

Камчы Кадыров

Булак: “De-facto”

 

Последние новости