www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингде активисттер кармалды

Күч органдарынын кызматкерлери кытайлык экспансияга каршы чыгып жаткан активисттерди кармашты.

“Жети дубан” кыймылынын өкүлдөрүнүн айтымына караганда, алар менен бирге келгендер РИИБда отурушат деп билдиришүүдө. Нааразычылык акциясына чыккандар, алардын тарапташтарын коё берүүнү талап кылышууда. Нааразычылык акциясынын уюштуруучусу Аманбол Бабакуловдун айтымында, ага саат 13:00 чейин өткөрүүгө уруксат берилген. Аянтка чогулгандар тарап кетүүгө шашылышпай эле, алар бийликтин өкүлдөрү чыкмайынча тарашпаарын айтышууда.

Эске салсак, бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өтүп жатат. Аянтка чогулгандардын саны болжол менен 200дөй. Алар бийликке жана Жогорку Кеңешке этникалык кыргыздардан башка чет элдиктерге Кыргыз жарандыгын берүүгө мараторий киргизүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп жатышат.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости