www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн «ММ Стиль» ЖЧКсын ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн жана подрядчылардын реестрине киргизди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрация менен «ММ Стиль» ЖЧКсынын ортосунда 8-, 9-, 10-кичирайондордо жана «Тунгуч» кичи районунда ирригациялык тармактарды куруу боюнча келишимдер түзүлгөн. Иштерди 2026-жылдын 1-апрелине чейин бүтүрүү каралган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аткарылган иштерден бир катар кемчиликтер аныкталган. Анын ичинде ирригациялык лотокторду орнотуу жана асбест түтүктөрүн төшөө талаптары сакталбаганы, бетон конструкцияларында жаракалар пайда болгону, эңкейиштер туура жасалбаганы жана айрым конструкциялар талаптагыдай бекемделбегени белгиленген.
Ошондой эле сапаты талапка жооп бербеген асбест түтүктөрү колдонулганы жана айрым жерлерде жол катмары түшүп калганы аныкталган.
Иштердин аткарылыш деңгээли 8-кичирайондо 85 пайызды, 9-кичирайондо 99 пайызды, 10-кичирайондо 90 пайызды түзгөн.
Мэриянын маалыматына караганда, подрядчы аныкталган кемчиликтерди жоюу жана кепилдик милдеттенмелерин аткаруу боюнча талаптарды толук аткарган эмес.
Ушуга байланыштуу «ММ Стиль» ЖЧКсы Бишкек мэриясынын ишенимсиз жеткирүүчүлөрүнүн жана подрядчыларынын реестрине киргизилди.
Мэрия подряддык уюмдар аткарган иштердин сапатына жана алардын келишимдик милдеттенмелерди аткаруусуна көзөмөлдү улантарын билдирди.