www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Орусиядан сатып алган С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин Бириккен Араб Эмираттарына сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктап, туңгуюкка кептелгени айтылууда.

Америкалык Semafor басылмасынын маалыматына караганда, С-400 маселеси Түркиянын АКШдан F-35 истребителдерин сатып алуусуна да тоскоолдук жаратууда. АКШ сенаторлору Анкарадан С-400 системаларынан баш тартууну талап кылып, бул позициясынан тайбай жатышат.

Эгер Түркия комплекстерди БАЭге сата албаса же аларды иштен чыгаруу чечимине келбесе, С-400 системаларын жок кылуу варианты да каралышы мүмкүн.

Буга чейин Анкара Орусиядан С-400 комплекстерин БАЭге сатууга уруксат сураганы тууралуу маалымат тараган. Бирок сүйлөшүүлөр кийин токтоп калган.

Сүйлөшүүлөрдүн эмне себептен үзгүлтүккө учураганы так белгисиз. Мүмкүн болгон себептердин бири, БАЭнин америкалык F-35 учактарын да сатып алуу ниеттенип жатканында болуп жатат. Абу-Даби орусиялык курал-жарак системаларына байланыштуу АКШ менен көйгөй жаратууну каалабай жатканы айтылууда.

АКШ сенатору Крис Кунстун билдиришинче, С-400 системасын сатып алып, өз аймагына жайгаштырган кайсы гана өлкө болбосун, Түркия туш болгон сыяктуу чектөөлөргө жана көйгөйлөргө дуушар болот.

Последние новости