www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда укук бузуулар үчүн алынган айып пулдардан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү тартиби өзгөртүлдү.
Жаңы тартипке ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында катталган мыйзам бузуулар үчүн төлөнгөн айып пулдардын 50 пайызы Саламаттык сактоо министрлигине багытталат.
Бул каражаттар тез жардам унааларын сатып алууга жана аларды зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздоого жумшалат.
Айып пулдардан түшкөн каражаттын калган 50 пайызы республикалык бюджетке которулат. Ал эми айып пулдар боюнча эсептелген туумдар толугу менен мамлекеттик казынага түшөт.
Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине жаңы тартипти ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле Финансы министрлигине бул өзгөртүүлөрдү 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга каралган республикалык бюджеттерди тактоодо эске алуу тапшырылды.