www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Эрлист Акунбековдун айтымында, анын Кытайга болгон жумуш сапарынын негизги максаты — эки өлкөнүн мунай продуктулары менен иштеген компанияларынын ортосунда түз байланыш түзүп, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү тездетүү.
Ал буга чейин Кыргызстандык бир катар компаниялар кытайлык өнөктөштөр менен авиакеросин жана дизелдик отун жеткирүү боюнча келишимдерге кол койгонун белгиледи.
Күйүүчү майдын алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга жеткирилгени маалымдалды.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо жана өздөштүрүү, мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу, ошондой эле чек ара өткөрүү пункттарында сактоо жана транзиттик-которуп жүктөө инфраструктурасын түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Кытай тарап Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде Синьцзян аркылуу өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тарапты кызыктырган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эл аралык мунай рыногундагы кырдаалды эске алуу менен Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү жол-жоболорун жеңилдетүү жана жеткирүүнү тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Ошондой эле жакын арада Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин жана Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу маселеси каралды.