www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина 17-августтун кечинен баштап 18-августтун таңы саат 05:00гө чейин Москва тарапка 620 дрон учурган.

Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин билдиришинче, алардын 180и Москва облусунун аймагында жок кылынган.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёвдун маалыматына караганда, дрондордун бири Богородск районундагы «Атлант-Парк» аймагындагы Wildberries компаниясынын кампасына кулап, өрт чыккан. 

Чабуулдан Москва облусунда үч адам, анын ичинде 10 жаштагы бала жабыркаганы айтылды.

Ошондой эле Ростов облусунда жети райондо 80ден ашуун дрон жок кылынганы кабарланды.

Орусиянын расмий өкүлдөрү бул Москвага акыркы эки жыл ичиндеги эң массалык дрон чабуулу болгонун билдиришти.

Последние новости