www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурман, 2011-жылдан 2013-жылдын аягына чейин  "Кумтөр" кенинин төлөмдөрүнөн түзүлгөн "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун" тоноп келген, профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы М.А.Асанакуновдун кылмыштуу иштери жөнүндө журналисттик иликтөөмдү улантам деп мен убада кылган элем. Аймакты социалдык өнүктүрүүгө багытталган акчаларды Атамбаевдин "сүймөнчүгү" жеке баюусу үчүн сарптагандыгы жөнүндө бир нече курдай жазып да чыккан элем. Ал учурда Асанакунов түрмөдөн ошол кездеги КРнын Президенти А.Ш.Атамбаев калкалагандыгы үчүн кутулган эле.

Эң башкысы бул эмес. Асанакуновду биринчиден, Кыргызстандын ошол кездеги “биринчи леди” (Республиканын биринчи катыны дейбизби, аялы дейбизби), айтор,  Раиса Атамбаев) "крышевать" этип турганы ачыктан ачык болуп калды. Асанакуновдун кылмыш иштерин жаптырган, андан кийин аны Профсоюздар федерациясынын төрагасы кылууга жетишкен ушу Раиса Атамбаева болгон. Анткени анын “бадрушкасы” Асанакуновдун аялы, депутат К.Молдобекова экенин эл билет. Айтмакчы, бул бардык кылмыш-жаза иштер жана Атамбаев аялы менен кийлигишкени туралуу мурдагы макаламда жазгам элем. Ошентсе дагы, "бүкүрдү бейит түздөйт" деп бекеринен айтылган эмес экен. Асанакунов М.А. профсоюздар федерациясына жумушка кирген биринчи күндөн тартып эле эски жоруктарын жасаганга өттү, тактап айтканда, профсоюздар менчигине суук колун сала баштады.

Коррупциялык схеманы ойлоп таап, аларды керектүү адамдарга, тагыраагы, өзүнө бөлүп-жарып сатып түгөтүү максатында профсоюздун саламаттык сактоо мекемелерин кудуретсиздикке жеткире баштады. Мисалы, азыркы учурда атайын кудуретсиздикке «Кыргызстан», «Жыргалаң», «Жети-Өгүз» санаторийлери, «Чолпон-Ата» эс алуу үйү ж.б. мекемелерин жеткирген. Анын алкымы ушунчалык чоң, ал бардыгын сатып түгөтүп, профсоюздардын бүтүндөй мүлкүн өзүнө менчиктеп алганга башынан эле даяр. Анткени Атамбаеванын жардамы менен коюлган максатына, профсоюздун жетекчилигине келген. 

Бирок, Асанакуновдун кылмыштуу пландары профсоюз активине белгилүү болуп, ачыкка чыкканда ПФКнын мүчөлөрү аны төрага кызматынан 2020-жылдын 5-февралында бошотушкан. Анан калса Асанакунов жумушка орношкондо расмий документтерин (диплом, эмгек китепчесин) жасалмалгандыгы аныкталган. Бул тергөө органдары жана биринчи жана экинчи инстанциялардагы соттор тарабынан далилденген.

Акыйкаттык орногондой болгон, бирок, Асанакунов М.А. КРнын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы болгон аялы Г.С.Молдобекованын жардамы менен 2020-жылдын 5-7-октябрындагы өлкөдөгү бийликтин алмашышы жана жаңы толкундоолордон кийинки баш-аламандыктарды пайдаланып, "чоң жолдон келген бандит" сыяктуу «гоп-стопко» чыкты, тагыраагы, ПФКнын басып алууну уюштурду.

Жыйынтыгында профсоюздардын имараты мурдагы төрага, азыр өзүн ПФК төрагасы деп атап алган баскынчы М.А.Асанакунов тарабынан 2020-жылдын 7-декабрында ОБОН деп аталган аялдардын тобу жана ар кандай ыраңдагы каракчылар менен бирге профсоюз кызматкерлерин курчоого алып, күч колдонуу менен ал жактагы көптөгөн профсоюз лидерлерин көчөгө кубалап, баскынчылык кылды. Профсоюз кызматкерлеринин ПФКнин имаратынан чыгып кеткиле - деген талабына М.А.Асанакунов жана анын орун басары Р. Арыков жана К.Закиров баштаган жүзү кара топ аларды жумуш ордунда ур-токмокко алышкан, бир тобу ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, бул соттук-медициналык экспертиза тарабынан тастыкталган.

Профсоюздардын республикалык бирикмесинин төрагасы Р.К.Кадралиевдин эки кабыргасын сындырышкан, маданият кызматкерлеринин РКнин төрайымы А.Б.Кыдырбаеваны күч колдонуу менен барымтага алып, 8 сааттан ашык кармашкан, аны милициянын жардамы менен гана бошотуп алуу мүмкүн болду. Ал өзүн жоготуп койду. Жүрөгү кармап, тез жардам кызматы чакырылып, алып кетти. Курулушчулар профсоюзунун төрагасы ж.б. денесинен жаракат алышып, медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул көрсөтүлгөн зомбулуктун бардыгы Кылмыштардын жана жазалардын бирдиктүү реестрине (ЕРПП) катталган.   

Профсоюз лидерлери М.А.Асанакунов, Р.Арыков, К.Закиров ж.б. алардын алакалаштары тарабынан жасалган кылмыш аракеттеринин фактылары боюнча профсоюз лидерлери прокуратура органдарына жана ИИМге бир нече жолу кайрылышканына карабастан, бөлөк бирөөнүн менчигине рейдерлик кылуу боюнча жана орун алган профсоюз кызматкерлерин жапайычылык менен уруп-сабоо жана зомбулук көрсөтүү боюнча эч кандай конкреттүү чаралар көрүлгөн жок. Анын үстүнө алар М.А.Асанакунов менен анын жан-жөкөрлөрүн өз канатына калкалашат, баарынан мурда алардын талаптарын ошолордун пайдасына аткарышат, ал эми профсоюзчулардын арыздарын чечилбеген бойдон калтырышат же кароодон баш тартышат.

Эмне үчүн?

Күркөнүн ачылышы жеңил. Айрым жетекчилер жана жогоруда көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери Асанакунов менен Молдобекованын жашыл сөлкөбайлары үчүн жанын берип, буйрутмаларды аткарышат. Мисалы, Бишкек ШИИБнын тергөөчүсү У. Баялиев М.А.Асанакуновдун кызыкчылыктарын ачык эле коргогон. Бул жөнүндө 2020-жылдын 5-февралында ПФКнин Кеңешинин отурумунда М.А.Асанакуновдун төрага кызматынан алууга добуш берген профсоюз лидерлерине карата ойдон чыгарылган кылмыш ишин ачкан. Аларды ээлеген кызматынан четтетип, үй камагына киргизип, анан калса, алардын мүлкүн камоого жеткиргидей мамлекеттин алдында кандай кылмыш ишин кылышты экен? 

Асанакуновдун коррупциялык иштерине каршы чыккан профсоюз лидерлерине тергөөчү каракчыларга жасагандай же болбосо, Асанакунов эмес эле алар уурдап, чоочун коомдук мүлктү өздөрүнө менчиктеп алгандай мамиле кылышты. Тергөөчү Баялиев болушу керек. Өзү юрист, бирок, профсоюздар көз карандысыз коомдук уюм экенин жана бардык ички уставдык маселелер ПФКнын Кеңешинин отурумдарында (күч түзүмдөрүн тарабынан) чечиле турганын же кезектеги съездде (кезектеги эмес) отурумдарда чечиле турганын түшүнбөйт. КРнын мыйзам ченемдери боюнча ПФКнын ички ишине мамлекет, партиялык органдар же башка уюмдар тарабынан кийлигишүүгө тыюу салынган. Ошентсе дагы, бул бир гана МЫЙЗАМ, андыктан, азыркы убакта М.А.Асанакунов тарабынан толугу менен жалданган Бишкек шаардык прокуратурасы "профсоюздун ички иштери боюнча" териштирүүнү улантууну эңсеп турат. Алар муну Башкы прокуратурадан көрсөтмө келгендиги менен түшүндүрүүгө аракет кылышууда жана ал тургай бул ишке КРнын Президентинин администрациясынын жетекчиси С.С.Касмамбетов мырза кийлигишип жатканына ишарат кылышууда. Бул жөнүндө жакындарына Г.С.Молдобекова Г.С. айтып, мактанып жүрөт жана бул жерде погондорду жана кызматты пара алуунун "ыкмасы" катары гана караган "ментуранын дагы бир шабашниги" жөнүндө дагы кеп кылбай кетсек, адилетсиздик болор. Кеп Бишкек шаарынын Биринчи май ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Абдраев.М. жөнүндө кеп кылабыз. Дал ошол "Именно он дважды закрыл уголовное дело" М.А.Асанакуновдун рейдерлик жол менен Профсоюздар үйүн басып алуу боюнча ишти эки жолу жапты. Ага "мончочу" канча пул төлөгөнүн купуя кармайт, анын абийирсиздик менен айткандарына караганда "шабашкаларынын" бир бөлүгүн жогору жакка берет имиш.

Андыктан, майордун жана анын жетекчилигинин абийиринин баасы канча турарын "курсагы тойгон менттер" гана билишет. Андыктан, Асанакунов өзүн ээн жердин бөрүсүндөй эркин сезип, азыркы учурга чейин ПФКнын имаратында өз тобу менен отурат. Ал аралыкта рейдерлик баскынчылык фактысын далилдөө кыйын деле эмес, баары үстүндө жатат. Ошентсе да, бүгүн өлкөдө прокуратура дагы, сот органдары дагы, милиция дагы иштебейт, бар болгону "доллар мырза" иштейт. Анткени менен, профсоюздардын өзү жана митаам экс-төрага жөнүндөгү маселеге кайтабыз.

Мүмкүн ал ага дагы профсоюз мүлкүнөн үлүш берүүгө убада кылгандыр, антсе дагы, буга ишенүү кыйын. Г.С.Молдобекова үчүн кимди болбосун, айрыкча, жогорку кызматтагы адамды каралоо түккө арзыбайт. Бирок, факт деген факт. Себеби, Асанакунов менен Молдобекованы жогорку бийликте тургандардан кимдир бирөө колдоп жатат, болбосо, аларды эбак темир тор артына жөнөтүшмөк. Бир жолу  Асанакунов: «Мени Ташиев колдойт. Ал менин колумда» деп катуу күпүлдөгөн деп айтышат. Бирок, буга да ишенүү кыйын, ал минтип Биринчи май райондук сотунун имаратында айткан. Профсоюздардын көйгөйү профсоюз лидерлеринин Асанакунов сыяктуу бай эместигинде, анткени, алар күч түзүмдөрүнүн "көңүлүн алганга" алдары келбейт. Алардын Асанакуновдукундай мыйзамсыз байыган менчик мүлкү жок. Алардын элиталык мончолору, сауналары, мейманканалары, батирлери, бир саатка, бир суткага, күнгө, түнгө ижарага  берген квартиралары жок. Ал Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки ирет иштеген жана бул облусту өнүктүрүү фондунан каражаттарды максатсыз пайдалануу менен 2010-жылдан 2015-жылга чейин ачкан курулуш компаниялары жана ресторандары жок. Профсоюздардын чыныгы лидерлери "жаза" иретинде Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектөөгө жана байлыкка марышы үчүн  жөнөтүшкөн эмес. Ал жакта дагы мүлкүн конфискациялоо менен узак мөөнөткө абакка жатканга жеткидей уурдаган, Бишкек ЭЭАгын жетектеп турганда дагы КРнын кылмыш мыйзамдары менен чатагы болгон. ПФК Кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 5-февралынан кийин Асанакунов ПФКнын төрагасы кызматынан расмий документтерди жасалмалгандыгы үчүн кеткен. Бирок, ал дагы эле оюна келгенин кылып отурат. ПФКнын кезектеги тышкаркы 24-съездинин чечимин жараксыз деп табуу жөнүндө абсурддук бир нече доо арыздарын уюштурду. Анткени менен съезд ПФКнин уставына ылайык өткөрүлгөн. Бул Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгы, КРнын Жогорку Соту тарабынан тастыкталган, ошондой эле, Бишкек шаарынын Административдик соту 2021-жылдын 16-августунда өзүнүн токтому менен күчүндө калтырылган.

Ага карабастан, мындай иш бир эле убакта  Молдобекова менен Асанакуновдун "өздөрүнүн" соту мурда боло жүргөндөй эле "ишенимди акташ үчүн" тынбай аракет кылган А.М.Сатарова иштеген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Аталган соттун ишмердүүлүгүнө токтобостон, “ResPublica” гезити жана сайтынын жалгыз кызматкери, башкы редактордун орун басары Ярослав Тартыков: “Сатарова “чөнтөк” судья. Анын баасы, Замира айткандай, 500 доллар –  Биринчи Май райсотунун коросунан айткан сөзүнө токтоп, Асанакуновдун кылмыштарына кайрадан өтөлү. Анткени, ага чейин М.А.Асанакунов ПФКнын имаратын рейдерлик менен басып алып, май көл, сүт көлдүн үстүндө жашап, ПФКнын төрагасы катары ар кандай расмий документтерге кол коюп, 2021-жылы 22 млн 435 миң сомду түзгөн эмгекчилердин саламаттыгын чыңдоо боюнча фонддун резервин каалагандай оңго, солго чачып жатат. Жолдомолор жана откаттар (калыбына келтирүүлөр) түрүндө бул каражаттар аракеттерине жана чечимдерине толугу менен таасир эткен соттордун, прокуратура, милиция ж.б. органдарынын капчыктарына түшүүдө, алар бүгүнкү күндө ачыктан ачык эле М.А.Асанакунов тарабынан жүргүзүлгөн Профсоюздар федерациясындагы мыйзамсыздыкты жана кылмыш иштерин активдүү колдоп жана коргошууда. Биздин өлкөдө бир дагы жетекчи мындай жеке материалдык резервдерди жана өзү каалагандай каражаттарды чача албайт. Акыркы үч жылда ушундай жол менен ал жеке керектөөлөрүнө 58 млн. 638 миң сом жумшаган.

Дагы бир жолу белгилеп кою керек: - М.А.Асанакуновдун бул кылмыш-жаза иштеринин артында аялы КРнын ЖКнин Комитетинин төрайымы Г.С.Молдобекова турат. Өзүнүн бийлик коридорундагы жогорку кызмат абалын колдонуу менен кандай баа менен болбосун күйөөсүн ПФКга төрага кызматына алып келүүгө аракет кылып жаткан Г.С.Молдобекова турат. Ал депутаттардын тобу менен сүйлөшүп алып М.А.Асанакуновго карата элге каршы "Профессионалдык союздар жөнүндө" жаңы мыйзамды КРнын ЖКне киргизип, эки жолу Палата тарабынан кабыл алынды. Бул мыйзамга каршы республикадагы бардык профсоюз уюмдары, КРнын Өкмөтү, Эл аралык эмгек уюму, Евробиримдик, БУУнун КРнын өкүлчүлүгү ж.б. каршы чыгышты. Моюнга алыш керек, бул жерде акыйкаттык орноду - Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич дагы эки жолу Вето койду жана чуулгандуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарды. Бул Молдобекова менен Асанакуновго каршы өтө  негативдүү көрсөткүч, булардын элге, мамлекеттик түзүлүшкө, акыры соңунда КРнын Президентине каршы багытталган ишмердүүлүгүнө берилген кыйла тескери баа. Алар жалданма жумушчулардын укуктарын жана эркиндиктерин муунтуп келишкен жана ошол бойдон калышты. Алар өз жоопкерчиликтерин тартышат деп үмүт кылам. Жубайлар эбак абакка отургузулушу керек эле.

Жакында эле УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев сот органдарында коррупция жок деп айтты. Бирок, биз Сатарова сыяктуу сотторду күн сайын көрүп жатабыз. Сот системасында жана күч түзүмдөрүндө алар алар азайган жок, а тескерисинче, гүлдөп жатат. М.А.Асанакуновду "Кумтөр" кенинин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартат деп үмүт кылбай койсо деле болот. Аны, мүмкүн, балдар чет мамлекеттерге көзөмөлсүз сатылган Бишкек балдар үйүндөгү чуулган үчүн  "Гулькан-мамочканы" кылмыш жоопкерчилигине тартпагандай эле, кустуруп, чочутушпашы деле ыктымал. Анда аны курбусу - Раиса Атамбаева сактап калган. Андыктан, аны көп сандаган мончолору жана сауналары менен кызматташууга кыздарды тарткандыгы үчүн дагы. Мейманканалары жана чыдамдуулук үйлөрү, тагыраагы, персоналдын оройлуктарына адамдар чыдаган үйлөрү мененАсанакунов  дагы эле жоопкерчиликке тартылышы күмөн өңдүү. 

PS: Токтогул атабыз: - “Ырдайм, деп келгенден кийин ырдай берем”,- деген экен. Биз  да: “Коррупция  жана коррупционер-кылмышкерлер менен  күрөшөбүз  деген элек, ошондуктан,  бул темага чекит койбойбуз. Айтор, бара көрөрбүз.

Ырысбек ӨМҮРЗАКОВ, журналист

Последние новости