www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда болуп жаткан окуялар — гуманитардык апаат. Мындай пикирин Россия лидери Владимир Путин Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өткөн Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатканда айтты. Путиндин бул пикирин РИА Новости жарыялады.

"Бул менин сөзүм эмес. Бул америкалык аналитиктердин айтканы. Америкалыктар, негизи алар өтө прагматик адамдар, бул жылдары аталган кампанияга баш-аягы бир жарым триллион доллар коротуптур. Жыйынтык кандай болду? Нөл. Эгерде Афганистанга ташталган адамдардын санын карап көрсөк, жамааттык Батышка, АКШга жана алардын союздаштарына иштеди. Бул гуманитардык апаат да болуп калды", — деди РФ лидери.

Ал Вашингтон мурдагы позициясында туруп, башка элди "цивилизациялаштырып" баштаган адатын кылбайт деген үмүтүн айтты.

"Демократия эгерде кайсы бир элге керек болсо, калк ага өзү келет. Муну зордоп жасаштын кереги жок", — деген Путин.

Сөзүнүн аягында Россия президенти "Талибандардын"* өкмөтүн таануу маселесинде алардын жасаган билдирүүсүнүн төркүнү кандай экенин караш керектигин айткан. Путин дүйнө коомчулугун афган көйгөйүн биргелешип күч жумшап чечүүгө чакырган.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости