www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ун комбинаттары ассоциациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте, ун тегирмендердин баасында сатуу боюнча бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан NazarNews маалымат агенттигине билдиришти.
Жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 килограмм баасы 30 сомдон ашпайт.

 Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкенин даректери:
            
-  “Дордой моторс” базары;

-  “Ош” базары:

-  “Аламедин” базары болжол “Табылга” соода борборунун аялдамасы;

- “Ортосай” базары болжол “Оберон” бөлүмүнүн кире бериши;

- “Дордой фуд” базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баалары:

- Жогорку сорт 1860 сом;

- 1-сорт 1500 сом;

- 2-сорт 1125 сом.

Экономика жана коммерция министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1500 сом деп бекитти. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Республика боюнча социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларына апта сайын талдоо-мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде 1-2 сорттогу ун бааларынын облусттардагы орточо баалары төмөндөгүдөй:
 
Ош шаарында: 

- 1-сорт 50 килограмм - 1700-1900 сом;

- 2-сорт 50 килограмм - 1400-1700 сом.

Ош облусу боюнча:

- 1-сорт - 1650-1900 сом;
- 2-сорт - 1500 сом.

Баткенде:

 - 1-сорт 50 килограмм - 1700-1900 сом;
- 2-сорт 50 килограмм - 1400-1700 сом.

Нарында:

- 1-сорт - 1700-2100 сом;
-  2-сорт - 1400-1700 сом.

Жалал-Абад шаарында:

- 1-сорт - 1500-1750 сом;
- 2-сорт - 1100-1350 сом.

Каракол шаарында:

- 1-сорт 45 килограмм - 1400-1450 сом;
- 2-сорт 45 килограмм - 1100-1200 сом.

Таласта:
- 1-сорт - 1725-1750 сом;
- 2-сорт - 1375 сом.

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев, учурда Ата мекендик ундун 1 мүшөгү 1400-1500 сомдон сатылып жаткандыгын жана баасы көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын республика боюнча 30 фабрикасы бар. Казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташты. Анткени ички рыноктун 50%ы Казакстандын уну түзөт. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости