www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)  Коопсуздук кеңешинин эми дүйнө коопсуздугунун кепили эмес, 5 өлкөнүн саясий стратегияларынын тиреш аянтына айланганын айтты.

Президент Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында катышуучуларга кайрылуу жасады.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин «Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн мекемелер бүгүнкү дүйнөнү чагылдырбайт» деген сөзүнө Түркиянын да кошулганын айткан Эрдоган: «Коопсуздук кеңеши эми дүйнөлүк коопсуздуктун кепили эмес, 5 өлкөнүн саясий стратегияларынын майданына айланды»,- деди.

БУУнун жетекчилигинде дүйнөнүн коопсуздугун, тынчтыгын жана жыргалчылыгын камсыз кылуучу мекемелерди тез арада кайрадан түзүүнүн зарыл экенин баса белгилеген Эрдоган: «Аймагы жана демографиясы менен дүйнөдөгү бардык келип чыгууларды, ишенимдерди жана маданияттарды көрсөтүүгө жөндөмдүү глобалдык башкаруу архитектурасын курушубуз керек»,-деди.

2022-жылдын февраль айынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна да токтолгон Эрдоган, Түркиянын Украинанын көз карандысыздыгы жана жеринин бүтүндүгүнүн негизинде муну дипломатия жана диалог аркылуу бүтүрүү аракетин уланта турганын айтты.

Президент Сириянын жеринин бүтүндүгү жана саясий биримдиги үчүн эң чоң коркунучтун бул өлкөдө эсеби бар күчтөрдүн көзөмөлүндөгү террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи жана «Өзгөчө Сирия менен Иракта, Жакынкы Чыгышта, Түндүк Африкада жана Сахелде өз кызыкчылыктары үчүн ДЕАШ жана ушуга окшогон топторду калкалап жаткандардын эки жүздүүлүгүнөн тажадык»,- деди.  

Эрдоган, өздөрүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыктары үчүн гана террордук уюмдар менен иштешүүнү уланткан өлкөлөрдүн террор жана ага байланыштуу маселелер боюнча арызданууга акысы жок экенин белгиледи.

Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыктын Палестина-Израиль маселесинин акыркы чечими менен гана мүмкүн болорун билдирген Эрдоган: «Израиль үчүн 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыз жана аймактык жактан интеграцияланган Палестина мамлекетин түзмөйүнчө, өзү каалаган тынчтыкты жана коопсуздукту табуу кыйын»,-деп айтты.

«Биз эч кимдин укуктарына көз артпайбыз, укуктарыбыздын четке кагылышына да жол бербей элебиз, бербейбиз», - деген Эрдоган эл аралык коомчулукту Түндүк Кипр Түрк Республикасынын көз карандысыздыгын таанууга, бул өлкө менен дипломатиялык, саясий жана экономикалык байланыштарды түзүүгө чакырды.

Президент Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүнө байланыштуу да: «Евробиримдиктен күткөнүбүз өлкөбүзгө карата милдеттенмелерин тез арада аткарышы жана Түркияга карата эки ача мамиленин токтотулушу»,-деди.

Азербайжан-Армения карым-катнаштарына да токтолгон президент Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүү процессин башынан эле колдогондорун, бирок Армениянын бул тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдалана албаганын айтты.

Армениянын өзгөчө Зангезур коридорунун ачылышы менен катар убадаларын аткарышын күтүшкөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Азыр бардыгы кабыл алгандай Карабах Азербайжандын аймагы. Мындан башка статустун таңууланышы эч качан кабыл алынбайт»,-деди.

Последние новости