www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Альбертович Мурашко менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдү өткөрүү демилгесин ыкчам колдогону, жылуу кабыл алуу жана конструктивдүү атмосфера түзүп бергени үчүн россиялык кесиптештерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Россиянын өз ара аракеттенүүсү стратегиялык мүнөзгө ээ экенин жана көп жылдык ишенимге негизделген туруктуу эки тараптуу диалогго таянарын белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн жарандарын түздөн-түз кызыктырган негизги багыттарды талкуулашты.
Россия тараптын саламаттык сактоо тармагында ачык жана колдоочу мамилесин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясынын медициналык уюмдарында дарылануу үчүн квоталарды бөлүү тажрыйбасын улантуу маселеси, анын ичинде жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү багыттары предметтүү түрдө талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө блогу кадрдык өнүгүүгө жана кесиптик байланыштарды бекемдөөгө арналды. Тараптар Кыргыз Республикасынын жаш медициналык адистери — жогорку медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү перспективаларын, анын ичинде Россия Федерациясынын билим берүү жана клиникалык уюмдарында ординатурада окуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча нейрохирургия, онкология, кардиохирургия, акушердик жана гинекология, анестезиология жана реаниматология, неонатология, педиатрия, генетика, лабораториялык диагностика сыяктуу талап жогору багыттарга көңүл бурулду.
Кадрдык теманын уландысы катары Кыргыз Республикасынын дарыгерлери үчүн Россиянын алдыңкы медициналык жана илимий борборлорунун базасында стажировкаларды жана квалификацияны жогорулатуу программаларын уюштуруу маселеси да каралды. Кыргыз тарап министрликтин профилдик түзүмдүк бөлүмдөрү тиешелүү тапшырмалардын алкагында стажировканын багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгып жатканын белгиледи.
Жогорку технологиялык медицина тармагында кыргыз тарап Кыргыз Республикасында өзүнүн циклотрондук-радиофармацевтикалык өндүрүшү бар ядролук медицина борборун түзүү менен биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Пикир алмашуунун жүрүшүндө Кыргызстанда Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында «Росатом» ААКтын катышуусу менен долбоордун айрым компоненттери ишке ашырылып жатканы, ошондой эле ядролук медицина борборун түзүү демилгелери өлкөнүн мамлекеттик өнүгүү пландарына киргизилгени белгиленди. Бул багытта 2026-жылы нормативдик базаны этап-этабы менен даярдоо, келишимдерди түзүү жана долбоорлоону баштоо, ал эми иштерди 2030-жылга чейин аяктоо максаты коюлган. Тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын, анын ичинде эксперттик жана технологиялык колдоо, жабдууларга, технологияларга жана методологиялык чечимдерге жеткиликтүүлүк маселелерин өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен талкуулашты.
Ошондой эле эки өлкөнүн медициналык адистеринин ортосунда кесиптик тажрыйба алмашуу, анын ичинде биргелешкен хирургиялык жана башка жогорку технологиялык медициналык кийлигишүүлөрдү жүргүзүү, илимий жана эксперттик өз ара аракеттенүүнүн форматтарын кеңейтүү маселелери каралды. Жолугушуунун соңунда кыргыз тарап Россия Федерациясынын саламаттык сактоо системасын уюштуруудагы алдыңкы практикалык жана башкаруучулук тажрыйбасына урмат көрсөтүп, аны улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен этап-этабы менен изилдөөгө жана киргизүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул, өзгөчө, реформалоо, медициналык уюмдарды башкаруу жана медициналык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине тиешелүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жарандары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган практикалык чечимдердин негизинде кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.