www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Роскомнадзор Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелерин эскертти. Маалыматка караганда, ал платформа орус мыйзамдарын аткарбай жатат.
«Колдонуучулардын жеке маалыматтары корголбой, көз боемочулукка жана мессенжердин террордук максаттарда пайдаланылышына каршы чаралар көрүлбөй жатат», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Буга чейин Downdetector жана "Сбой.рф" сервистерине шилтеме менен 8-февралдан бери Telegram жакшы ачылбай жатканы тууралуу даттануулар түшүп жатканы кабарланган.
Кээ бир кардарлар тиркемени ача албай жатканын, башкалары медиафайлдарды жүктөө жана кат алышуу кыйындаганын айтышкан.
РБКнын булактары Роскомнадзор 10-февралдан тарта Telegram'ды чектөө планына киришерин кабарлаган.
Былтыр августта Орусияда Telegram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши бир нече күнгө үзгүлтүккө учураган.
Роскомнадзор сөз болуп жаткан мессенжерлер аркылуу “чалуулардын жарым-жартылай бөгөттөлүшүн” кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүргөн.