www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.С.Т. пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирди УКМК.

«К.С.Т. айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы болуу менен, комиссиянын айрым мүчөлөрү жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен биргеликте акча жана башка материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схеманы жөнгө салгандыгы аныкталган. Акча алгандан кийин К.С.Т. документтери мыйзам талаптарына ылайык келбегенине карабастан айрым чарбалардын таламын талашкан.

23-январда иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.С.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жай камалды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости