www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда добушун саткан шайлоочуларга 20 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйам долбоорун депутаттар Бактыбек Чойбеков жана Миргүл Темирбаева иштеп чыккан.
Алар шайлоодогу добуш сатып алууга бөгөт коюу үчүн добушун саткандарга 10 миңден 20 миң сомго чейин айып салуу же 120 саатка чейин коомдук жумушка тартуу жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Ошол эле учурда жаран иликтөө иштери башталганга чейин добуш сатып алуу фактысы тууралуу укук коргоо органдарына кабар берсе, жоопкерчиликтен бошотулат.
Эскерте кетсек, учурда Кылмыш-жаза кодексинде добуш сатып алууга каршы берене бар. Ага ылайык добуш сатып алган адамга 200 миң сомго чейин же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.