www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү каскадер Светлана (Асланайым) Аширова Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу журналисттерге Аширова өзү билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин документине ылайык, Светлана Аширова 28-январдан тарта кызматын аркалап баштады.

Эске сала кетсек, Аширова бул кызматка 2024-жылдын октябрынын аягында дайындалып, 2025-жылдын 23-январында сынак мөөнөтү аяктагандан кийин ал мамлекеттик цирктин жетекчиси кызматынан бошотулганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирген. .

Маданият министрлиги Светлана Ашированын мурдагы кызматына дайындалышы боюнча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын январь айында бир нече цирк артисттери жетекчи Светлана Ашированын ишине нааразы болуп журналисттерге кайрылышкан. Артисттер аны жөндөмсүз деп эсептеп, учурда циркте моралдык маанай бузулуп, жетекчи экиге бөлүнүп калган команданы бириктире албай жатканын билдиришкен.

Последние новости