www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында полиция кызматкерлери мас абалдагы мигранттар менен мушташты. Полиция кызматкерлерин жергиликтүү тургундар чакырышкан. Жашоочулар турак үйдүн короосунда спирт ичимдигин ичип, тынчтык бербей жаткан жарандарга чара көрүүнү суранышкан.

Мас адамдар полиция кызматкерлерине документтерин көрсөтүүдөн баш тартышкан. Аларды полиция бөлүмүнө алып кетүүгө аракеттенишкенде, мас мигранттар каршылык көрсөтүп, сөгүнүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол көтөрүшкөн.

Мындан улам полиция кызматкери тапанчасын колдонууга мажбур болгон. Тартип бузган мигранттардын бири кармалды. Экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми полиция кызматкерлери тез жардам кызматын чакырышкан жана алар ооруканага жаткырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости