www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун судьясы Бакирова Нургүл Жакыповна 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, Нургүл Бакирова кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу ушул жылдын 31-январында президентке арыз жолдогон. Ал кызматка былтыр апрелде шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.
Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан.
Жогорку соттун судьясы катары Бакирова коомчулуктун калың катмарына эки жыл мурдагы октябрь окуяларынан кийин таанылган.
2020-жылдын 6-октябрында абактан тарапкерлери бошотуп чыккан Садыр Жапаровдун "адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөткөн.
Жогорку сотко төрайымы болуп шайланганын ушул чечими менен байланыштыргандар болгон, бирок аны Бакирова четке кагып келген.
Булак: NazarNews.kg