www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров чукул Кайрылуу жасады.
Эл өкүлү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын айланасындагы болуп жаткан окуялар тууралуу айтып, Кыргызстандагы мыйзам акыркы убактарда бир топ артта калганын айтты.
«Ураимовго УКМКнын койгон дооматтары арык аттап, суу кечпейт.
Мирлан Ураимов көп жылдар бою чет өлкөдө кыргыз жарандарынын укугун коргоп, юрист болуп иштеп келген.
Ага доомат артып коюп жаткан иштин баары ойдон чыгарылган сөз.
Мирландын бир гана айбы бар. Ал өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасындагы коогалаңдын чын-төгүнүн ашкере кылганында.
Ал буга чейин «агай, артымдан бир машине аңдып жүрөт, мени ушинтип коркутам дешет. Бир жолу токтотуп, «абайласаңчы, камалып кетпегин» деп айткан» деген сөзү бар.
Бирок, ошол жигиттер бир нерсени түшүнбөйт: бирөөнүн үнүн өчүрө аласың, экинчисин өчүрө албайсың. Үчүнчүсүн өчүрсөң төртүнчүсүн өчүрө албайсың!», - деди Мадумаров.
Эл өкүлү ошондой эле, өзүнө карата жүрүп жаткан иштерге да токтолуп, ал бул иштин тез арада бүтүшүнө кызыктар экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири.
Активист Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.
Эске салсак, буга чейин Мадумаров кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан.
Булак: NazarNews.kg