www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жакында аконит боюнча дагы айтып чыгарын билдирди.
Бейшеналиев биринчи жолу аконит боюнча билбей айтып алып журналисттердин жемесине калганын белгиледи. Эми жакында бул боюнча философиялык жана илимий тил менен түшүндүрмө бермекчи.
"Уу коргошун десе аты жаман экен деп чочулап жатышат. Эгер муну "Парижден чыккан ручка" деп койгондо элдин реакциясы башкача болмок. "Коронавируска каршы дарылай турган карамель" деп койсокчу? Ушу аконит, уу коргошун дебей башка ат менен айтканда… "Анара" деп койсом болмок экен, эркектердин баары каткырып күлүп калмак", — деди министр.
Бейшеналиевдин айтымында, аконит бардык өлкөлөрдө миң жылдан бери колдонулуп келген тундурма.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
Булак: NazarNews.kg