www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Тазабек мырза, айрым кесиптештериңиз депутаттарга кеңешчиден сырткары, жардамчы да берүү керек экенин айтышып, сунуш киргизишүүдө. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?
- Бул жерде ЖМКлар маселени бир аз так эмес чечмелеп жатышат. Кеп жардамчылар жөнүндө эмес, жер-жерлердеги өкүлдөр тууралуу болуп жатат. Мисалы, көйгөйүн айтып, ар түрдүү маселелерди чечиш керек болсо, шайлоочулар алыс жол жүрүп, райондордон борборго келиши кыйын. Ошондуктан, жер-жерлерде отуруп, шайлоочулар менен түздөн-түз иштей турган, элдин кайрылуусун депутатка жеткирчү өкүлчүлүктөрдү ачуунун зарылдыгы туулуп жатат.
- Мурда коомдук башталыштагы жардамчылар болчу эмес беле? Бул милдетти ошолор аткарса болбойбу?
-Акча төлөнбөгөндөн кийин алар отуруп иштечү эмес.
- Бул суроону берген себебим, азыр коомчулукта жаңы шайланган депутаттар өткөн чакырылыштагылар баш тарткан привилегияларды кайра талап кылышууда» деген пикир пайда болуп калды...
– Мурдагы чыкырылыш партиялык тизме боюнча шайланган эле да. Ал эми азыркы чакырылышта болсо депу таттардын бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келишти. Аларга жер-жерлерде эл менен байланыштырып турчу өкүлчүлүктөр керек. Системанын өзү ошону талап кылууда.
-Жок дегенде депутат айымдарга кызматтык машинасын кайра берүү керек дегенге кошуласызбы?
- Бул туура эле сунуш. Себеби, буга чейин мугалим, врач болуп иштеген, өзү машина айдай албаган айым депутаттар бар. Аларга деле кыйын да. Кеңешмеден, комитеттин жыйындарынан сырткары жолугушуулар болот, элдин талабын аткарыш үчүн баарына үлгүрүш керек. Ачыгын эле айталы, алтынчы чакырылыштагылар популисттик кадамдарды жасап, элге кызмат кылабыз» деген депутаттардын көп мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коюшкан...
Булак: Азия News гезити