www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада полиция Али Феруз ысымы менен иштеген "Новая газета" басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Худоберди Нурматовду кармады. Учурда аны менен ФСБ кызматкерлери иш алып барып жатканы маалымдалууда.

“Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратовдун айтымында, кабарчы Өзбекстандын атайын кызматынын өтүнүчү менен кармалган.

Худоберди Нурматов мекенинен качып кетүүгө аргасыз болгон. Ал убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн бир нече жолу Орусиянын миграциялык кызматына кайрылган. Орус бийлиги ага качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Бирок сот кийинчерээк бул бүтүмдү жокко чыгарган.

“Бул жерде ал бардык документинен айрылып калган, акыркы жылдары аларды калыбына келтирүү менен алектендик. Азыр анын колунда качкын макамын берүүдөн баш тарткан чечимди жокко чыгарган соттун бүтүмү бар”,- деди басылманын маалымат катчысы Надежда Прусенкова. Редакция адвокаттарды тартып, кабарчыны Өзбекстанга экстрадициялабай, алып калуунун жолдорун издеп жатат.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости