www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Москва"

Келбеймин деп кеткенди
Тартып алган Москва
Бир батирге отузу
Батып алган Москва.
Эркек кызы аралаш,
Жатып алган Москва.
Көчүп келген кыргызды,
Катып алган Москва.

Төрт бурчтагы кыргызды,
Боордош кылган Москва.
Улуу менен кичүүнү,
Жолдош кылган Москва.
Жыйырмага кырк беш жаш,
Ойнош кылган Москва.
Эмчектеги баладан,
Эне айрылган Москва.
Эркектери алыстап,
Жеңе айрылган Москва.
Жалгыз болуп жаздыктар,
Дене айрылган Москва.
Бирөө тапкан акчасын,
Катып жүрөт Москва.

Бирөө тапкан акчасын,
Чачып жүрөт Москва.
Бирөө коркуп менттерден,
Качып жүрөт Москва.
Темир тезек калтырбай,
Ташып жүрөт Москва.
Бирөө жетпей үйүнө,
Жашап жүрөт Москва.
Бирөө ала куржунду,
Асып жүрөт Москва.
Бирөө жүрөт жөн эле,
Басып жүрөт Москва.

Эри жокко эркекти,
Таап берген Москва. 
Аялсызга аялды,
Алып берген Москва. 
Жумушу жок карызга,
Батып кеткен Москва. 
Кыздар жүрөт сигарет,
Тартып кеткен Москва. 
Акча үчүн кээ бирөө,
Жатып кеткен Москва. 
Кыргыз душман кыргызга,
Сатып кеткен Москва.

Бирөө жүрөт никесиз,
Төрөйүн деп Москва. 
Бирөө келген кредит,
Төлөймүн деп Москва. 
Бүтсө эле мекенге,
Жөнөймүн деп Москва.
Бирөө жүрөт сар санаа,
Өлөйүн деп Москва. 
Ушунча болду көрчүсүн,
Көрөйүн деп Москва.

Бирөө келген машина,
Аламын деп Москва. 
Бирөө келген үйү жок,
Саламын деп Москва .
Бирөө келген бактымды,
Табамын деп Москва.
Бирөө жүрөт бир өмүр,
Каламын деп Москва. 
Бир туугандар акчаны,
Эсептешкен Москва. 
Акча кетсе абийир,
Кетет дешкен Москва.

Ушул жерден байлыкты,
Берет дешкен Москва. 
Ата-Энесин көмгөнү,
Барбай калган Москва. 
Абийир кетип адамдан,
Калбай калган Москва. 
Соо адамдар жалаңкыч,
Алдай калган Москва.

Юрист жүрөт дворник,
Болуп кеткен Москва.
Тирүү келип канчасы,
Өлүп кеткен Москва. 
Ажырашкыс досторду,
Бөлүп кеткен Москва.
Көргүлүктү кыргызың,
Көрүп бүткөн Москва.

Мына ушундай Москва,
Мына ушундай Москва,
Куса толгон көздөрдө,
Көөдөн жакыр Москва. 
Көз жаштарга ишенбейт,
Көзүң аккыр Москваааа...

Автор, Курманбек Карабалев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости