www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүр бою эркинен ажыратылган жана Жаңы-Жердеги колонияда жаткан Кыргызстандын жараны Аскердик прокуратурага 2010-жылдан бери кыйноолор болуп келгени тууралуу арыз менен кайрылган. Бул тууралуу адвокат Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, абактагы адам март айында буту ириңдеген деген шек менен ИК-31 абак ооруканасына которулган. Буга чейин ага кант диабети деген диагноз коюлган.

"Колонияда анын буту кесилген. Учурда анын абалы оор жана Улуттук хирургиялык борбордун кан тамыр нейрохирургия бөлүмүнө кайрадан жаткыруу керек. Бирок Жаза аткаруу кызматы жетекчилиги уруксат бербей жатат", - дейт адвокат.

Ал кошумчалагандай, соттолгон адам дарылануу үчүн 1000 доллар талап кылганы боюнча арызданган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости