www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим каралып жатканда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда чыр чыкты.
УКМКнын төрагасы депутаттын дарегине ыплас сөздөрдү айтты.
Депутат Бакиров журналисттерге Керкидан суу сактагычы боюнча суроо бергенин айтты. Депутаттын айтымында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси мындай сөзү менен аялдарга, энелерге болгон мамилесин көрсөттү.
«Мен сол жээктеги канал боюнча сурадым, тактап айтканда, эмне үчүн курулбай калганын. Мындан тышкары Керкидан суу сактагычы боюнча келишимге кол койгондордун аты аталса жакшы болорун айттым. Ушул жерде баары башталды. Камчыбек Ташиевдин сөгүнгөнүн видеодон көрдүм. Бул чектен чыккандык. Мамлекеттик кызматкер антип сүйлөбөш керек. Буга эл баасын берсин», - деди Өмүрбек Бакиров.
Булак: NazarNews.kg