www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев уулун жардамга чакырды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев уулун жардамга чакырды. Бул билдирүүсүн Текебаев өзүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Элчиликке керек болгондо Эсентур уулум бизге жардам берип турат. Иш-чаралардан фото, видео сюжеттерди даярдайт, деп билдирди Текебаев.

Ага кошумча, "Германиядагы Элчиликтин шарты башка жактагыларга караганда бир топ эле жакшы. Бирок, ошого карабастан, кол же кошумча финансы талап кылынган кээ-бир иш-чараларда Элчиликтин өзүнүн мүмкүнчүлүгү жетишпей калат. Ошондуктан масштабдуу ири иш-чараларды ɵткɵргɵндɵ көптөшүп жиберебиз. Дипломаттар кызматтык функциясына кирбеген кошумча протоколдук иштерди кылышса, алардын үй-бүлө мүчөлөрү (аялы, чоңойгон балдары) бири ашпозчу, бири официант, бири кароолчу, бири электрик, грузчик, бири оператор, шопур болуп жиберишет. Таланты барлар чыгармачылык ɵнɵрлɵрʏн кɵрсɵтʏшɵт. Алардан башка диаспоранын ɵкʏлдɵрʏ да волонтер болуп жардам беришет.

Чынын айсам, мен келгенден бери массалык иш-чаралар кɵбɵйʏп, баарын жʏдɵтʏп жибердим.

Элчиликте ʏй-бʏлɵлʏк башкаруу дегендерди мен тамаша катары кабыл алдым.

Эсентур студент. Бизге керек болгондо гана колунан келген жардамын волонтер катары берип турат.

Ошентип Элчиликтин ар бир кызматкери, алардын ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏ жана кыргыз диаспора ɵкʏлдɵрʏ эки мамлекеттин кызматташуусуна ɵз салымын колунан келишинче кошуп турушат.

Комментарий менен пикир бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат", - деп пикир калтырган Текебаев.

Эске сала кетсек Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2022-жылдын 3-февралында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости