www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде элди иш орундары менен камсыздап, мамлекеттин казынасына олуттуу салык төлөп, өндүрүш тармагын алга жылдырган жаратмандар аз. Көрсө, сындоо оңой, реалдуу ишти жасоо оор тура. 

Арийне, ошол жаратман ишкерлерди дагы мамлекет колдоп, көмөк көрсөтүүгө тийиш. Ансыз өндүрүш тармагын оожалатып иштетүү, өлкөгө жарыгын тийгизүү кыйын. 

Тилекке каршы, акыркы жылдары ишкерлерге карата мамлекеттин саясаты тескери кетти. Басым, кысым күчөдү. Бир топ чакан, орто бизнес, ал түгүл ири ишкерлер капиталын сыртка чыгарып кеткен көрүнүш арбыды. Бул өтө чоң жоготуу. Өкүнүчтүүсү, аны ойлогон жетекчи жоктой. Анан кантип оңолобуз?

Мына дээрлик жыйырма жылдан бери Кыргызстандын өндүрүш тармагын алга сүйрөгөн Шаршенбек Абыдкеримов түзгөн "Аю" холдинггинин абалы оор. 

Жакынкы бийлик алмашканга дейре Шаки мырза ачкан ишканаларда 10 миңдеген жумушчулар иштеп, өлкө казынасына салыктан миллиондогон сом  түшчү. Азыркы кезде миңдеген адамдарга иш берген, ата мекендик өндүрүшкө дем берген "Аю" империясы кыйрап турат… Албетте, буга негизги себеп болгон фактор катары мыйзамсыз аракеттердин оожалып кеткени негиз экени эл арасында сөз болуп келет. 

Кысым, басымдан, мыйзамсыз көрүнүштөрдөн чарчаган Шаршенбек Абыдкеримов негизи капиталын Казакстанга чыгарып кетти дешүүдө. Анын үстүнө акыркы жылдары боорунан операция болуп, ден соолугу менен алышып өндүрүшкө, ишкерликке убактысы болбой, "Аю" холдингинин чарбалык, финансылык иштерине жеткиликтүү көңүл бура албай калганы айтылууда. 

Айтор, кийинки учурларда ден соолугуна кам көрүп, жанга тынч сүрөтчүлүк хоббиси менен алектенип, саясаттан да оолактап калды. Тар чөйрөдө азыркы бийликтин тушунда ишкерлик кылуу, саясатка аралашуу мойнуңа сыйыртмак салганга барабар экенин каңкуулаптыр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости