www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК 33 жаштагы жаран өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алганын маалымдады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-апрелинде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.

Көрүлгөн чаралардын негизинде, М.А.Чернышовго Кыргызстандын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.

2023-жылдын 16-мартында Чернышов М.А. УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу (Фейсбук социалдык тармагында) жасаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости