www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эң оор жана узакка созулган жаңжалдардын бири катары Украинадагы согуш дүйнөнүн көңүл борборунда турат. Бул жаңжал бир гана Чыгыш Европанын тагдырын эмес, жалпы дүйнөнүн геосаясий туруктуулугуна таасирин тийгизген орчундуу маселеге айланды. Бүгүнкү күнгө дейре тынчтыкка жетишүүгө болгон аракеттер көптөгөн келишпестиктер менен коштолуп, аягы бүдөмүк тартып келген.
Ошентсе дагы, тынымсыз жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөр аз да болсо өз жемишин бере баштады. Акыркы күндөрү болсо үмүт оту жанды. Россиянын президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев CNN телеканалына берген маегинде Москва, Вашингтон жана Киев дипломатиялык келишимге келүүгө жакындады деген оюн билдирди. Бул жагдай бир нече жылдан берки реалдуу көрүнүп жаткан учур.
Дмитриевдин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр активдүү жүрүүдө. Ал эми АКШ менен Россия ортосундагы түшүнбөстүктөр акырындык менен азайып жатат. Мындай абал акыркы мезгилдеги эл аралык дипломатиянын маанилүү бурулушу болушу мүмкүн. Себеби буга чейин тараптардын позициялары өтө катаң жана бири-бирине каршы багытта эле.
Эми болсо тараптар “атышууну токтотуу” гана эмес, жаңжалды биротоло чечүү механизмин иштеп чыгууга умтулуп жатышат. Дмитриев белгилегендей, “атышпоо келишими каалаган күнү бузулушу мүмкүн, ошондуктан негизги максат – туруктуу, ишенимдүү тынчтык орнотууга” болгон келишимге жетишүү.
Арийне, миллиондогон адамдардын жашоосуна таасир эткен бул жаңжалды токтотуу, дүйнөлүк туруктуулукка жаңы дем берет. Эгер тараптар чындап эле дипломатиялык консенсуска жакындаса, анда бул жаңы эл аралык коопсуздук архитектурасынын башаты болуп калышы мүмкүн.