www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муниципалдык инспекциянын жетекчиси (мурунку кайгуул инспектору) Мирлан Таалайбековго (Царикаев) түндө кол салуу болуп, жаагы жана тиши сынганын, башы, буту-колунан жаракат алганы тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды. Учурда ал медэкспертизадан өтүп, ооруканада дарыланып жатканы кабарланды.
Маалыматка ылайык, Таалайбековдун мурдагы кесиптеши, инспектор Надыр Жусупов түндө окуя болгон жерге барган.
Царикаев аялы менен автоунаасында кетип баратканда Toyota автоунаасы келип сүзгөн.
Автоунаадан эки киши чыгып, ага дагы экөө кошулган. Алгач айтыша кетип, андан соң беркилер Таалайбековду караңгыраак жерге алып барып, сабашкан.
Жусупов шектүүлөрдүн экөө качып кетип, бирок табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин айтты.
Эскерте кетсек, 7-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутаттар Казыбек Эргешов менен Нурзат Токтосунова менен калаа мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду (Царикаев) сынга алган.
Коомчулук арасында бул сын өч алуу катары кабыл алынган. Себеби, Мирлан Таалайбеков кайгуул кызматында иштеп жатканда жогорудагы аты аталган депутаттар менен келишпестик жаралган.