www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан санарип экономикага жаңы барак ачып, виртуалдык активдер дүйнөсүндө өз ордун табууга аракет кылууда. Буга байланыштуу өлкө жетекчилиги блокчейн технологияларын өнүктүрүү максатында олуттуу кадамдарды жасоодо. 

Бул багытта атайын Улуттук кеңеш түзүлүп, жакынкы күндөрү эле анын жыйынына дүйнөлүк криптоиндустрияндагы аты чыккан белгилүү Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао да катышты.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан Борбор Азияда виртуалдык активдер боюнча мыйзам кабыл алган жана системалуу саясат жүргүзүп жаткан санаалуу мамлекеттердин бири катары технологиялык жаңычылдыкка умтулуп жатат. 

Анын натыйжасы катары жакынкы аралыкта Кыргызстанда сомго байланган мамлекеттик стейблкойн – KGST жарык көрмөкчү. Улуттук кеңештин катчысы Фархат Иминовдун айтымында, KGST BNB Chain тармагында катталып, санарип сом менен айкалышып иштей турган бирдиктүү экосистеманын негизи болот.

Бул жаңылык өлкөнү аймактык финтех-хабга айлантуу аракетинин бир бөлүгү каралууда. KGSTнин өзгөчөлүгү – ал эл аралык эсептешүүлөрдө кош конвертациясыз колдонула алат. Башкача айтканда, кыргыз сому дүйнөлүк криптоайдыңга санарип форматта чыгат.
Бирок бул жааттагы мүмкүнчүлүктөр менен кошо тобокелдиктер да чоң. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эскерткендей, криптоактивдер кээде акча адалдоо, терроризмди каржылоо сыяктуу кылмыштар үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан мамлекет катаал лицензиялык жана көзөмөл механизмдерин киргизиши зарыл. 

Экономисттердин баамында, Кыргызстан азырынча криптоэкономиканын “сыноо этабында”. Бирок эл аралык өнөктөштөрдүн, айрыкча Binance өңдүү ири оюнчулардын катышуусу өлкө үчүн чоң тажрыйба жана инвестициялык мүмкүнчүлүк жаратат. Бирок бул жол жеңил болбойт. Анткени технологиялык жаңычылдык менен улуттук коопсуздуктун ортосундагы тең салмакты сактоо негизги сыноо болуп турат.
Кыргызстандын “санарип сом” долбоору — жөн гана экономикалык эксперимент эмес, жаңы доорго карай ташталган саясий жана технологиялык кадам катары талданууда.

Последние новости