www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын президенти Ашраф Гани мектептердеги бачабаздар тобу тууралуу тараган маалыматты  иликтеп, тергөө жүргүзүүгө буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда Ашраф Гани Твиттердеги баракчасына «Лохар аймагындагы мектептерде жыныстык зомбулук аракеттери болгону» жөнүндөгү маалыматтарга тынчсызданып жатканын жазып чыккан. 

Британиянын маалымат басылмаларынын бири Ооганстандагы алты мектепте окуган 546 окуучуну мугалимдерден жана жергиликтүү аткаминерлерден турган бачабаздар тобу зордуктаганы жөнүндө маалымат тараткан. 

Маалымат боюнча, Тыңчылык башкармалыгы гезитке интервью берген активисттер - Муса Махмуди менен Эсанулла Хамидини камакка алганы жарандардын нааразычылыгын туудурган. Башкармалык активисттердин айткандарын «чындыкка дал келбейт» деп, муну алардын чет өлкөдөн башпаанек алуу аракети катары баалады. 

Мамлекет башчы мындай окуяларды ачык айтып чыккан эки активистти камакка алган Тыңчылык башкармалыгын сындап, активисттерге каршы тергөөнү токтотууга буйрук берди. Ооганстанда өспүрүм балдарды жыныстык кулчулукка, сойкулукка тартуу учурлары «бачабази» деп аталып, эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости