www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө  жүргүзүп келген болсо, эми мугалимдердин айлык маянасын эсептөөдө автоматташтырылган бирдиктүү системага өтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүн эсе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз коротуу, каражатты максатсыз пайдалануу жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлеринин эмгек маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет. 

NazarNews.kg

Последние новости