www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы белгиленди.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү токтомго 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу үчүн министрлер кабинети менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгын белгиледи.
Ага ылайык, өргүүнүн узактыгы мугалимдер жана окутуучулар үчүн 56 күндү түзөт.
"Өргүүнүн күндөрү кыскарды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg