www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук-саясий ишмер, эксперт Сабыр Муканбетов "Азия Ньюс" гезитине интервью берип жатып, коомдогу актуалдуу суроолорго жооп берди.
Алардын бири:

— Өмүрбек Текебаев болжогон кезексиз президенттик шайлоо кайсы мезгилде өтүшү мүмкүн? Алдыда жаз, күз бар...

— Өмүрбек Текебаев ал сөздү бир жарым жыл мурда айткан. Быйыл да ошондой ойдобу? Биз аны билбейбиз, сурап көрүш керек. Кезексиз шайлоо болуп калса, катышса керек, жаш курагы боюнча акыркы шансы эмеспи. Камактагы ага өмүрүн арнаган кемпирлерди кыя албай, же бюргерлердин сырасы менен сарделкисин кыялбай... ал досума азыр өтө кыйын болуп атат. Ичкени ирим, жегени желим болуп кыйналып жүргөнүн сезип эле турам. Эми пайгамбар жашынан өткөн адамды “антпейсиң, минтпейсиң” деп айыптаган да туура эмес. Пенсия курагындагы адам жатып алса, “чарт” жарылып аламанга аттанса да өз эрки.

Булак: Азия ньюс гезити

Последние новости