www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн кечинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катуу жер титирөө болгон Түркиядагы кесиптештерине жардам берүү үчүн учуп кетишет. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алим Токторовдун айтымында, бүгүн саат 19:00дө алдын ала маалымат боюнча Түркияга 63 куткаруучу жана 2 кинолог учуп кетүүдө.

«Куткаруучулар өздөрү менен кошо бардык куткаруу техникасын алып кетишет, булар чатырлар, талаада иштөө үчүн буюмдар», - деди ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат каражаттарына Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн 912 адам каза болуп, 5385 адам жаракат алганын билдирди.

«Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.17де болгон жер титирөө 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн берки Түркиянын тарыхындагы эң чоң кырсык болду. Тилекке каршы, 912 өлгөндөрдүн саны акыркы эмес», - деди ал. Анын айтымында, издөө-куткаруу иштери уланууда.

Сирияда 326 адам набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алганын жергиликтүү саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости