www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-май күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери Казиев Э. жана Алиясов Ы. кызматтык милдетин аткарып жүргөн учурда 10-кичи райондогу №25 үйдөн коюу түтүн чыгып жатканын байкашкан.

Окуя болгон жерге барганда көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринде өрт чыккандыгы аныкталган. Өмүргө коркунуч жаралып, батир ичи катуу түтүнгө толуп турганына карабастан кызматкерлер батирге кирип, ичинде калган эркек кишини өрттөн алып чыгышкан. Алдын ала маалымат боюнча жабырлануучу денесинин болжол менен 80 пайызы күйүк алган.

Мындан тышкары, үйдүн жогорку кабаттарында түтүндөн улам өз алдынча чыга албай калган аял киши болгон. Кызматкерлер аны коштоп чыгып, коопсуз түрдө имараттан түшүрүүгө жардам беришкен.

Жарандарды эвакуациялоого катышкан учурда Казиев Э. жана Алиясов Ы. ар кандай деңгээлде уулуу газга ууланып калышкан.

Кызматкерлердин ыкчам аракетинин натыйжасында жарандарга өз убагында жардам көрсөтүлүп, кырсык кесепетинин оорлошуусуна жол берилген эмес.

Последние новости