www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Мурат агай, “Азаттык” радиосу инаугурацияны түз эфирде берип жатып, Садыр Жапаров сүйлөп жатканда шылдыңдаган үндөрдү коштотконун ар ким ар кандай кабыл алып жатат. Сиздин оюңузча калпыстыкпы же атайын жасалган ишпи?
-Бул "Азаттык" "жаман үйдү, коногу бийлейт", - дегендей чын эле ашыкча "чалчаңдап" баратат. Кыргыз медиасына каалагандай терең тамырын жайып көп берүүлөрдү ачып алды. Минте берсе аны тизгиндеп коюш бат эле. Ошондуктан кичине арыдан бери болгондору эле жакшы. Негизи сын конструктивдүү болгону жакшы да. Бирок “Азаттык” аны эсине албай, унчукпай койсо, баякы "ыйлаар бала, атасынын сакалы менен ойнойт" же "өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт", болуп жатышканын сезишсе жакшы болот эле.
-Анткениңиз менен “Азаттыкка” асылган же жапкан президент кызматынан кетет деген ойду кыйытышат го көп учурда...
-Ооба булар ушуну көзүр кылып алышкан. Бирок аларга тыйуу салан Түркмөнстан, чектөөлөрдү киргизген Таджик, Өзбектер аман-эсен эле го…
Булак: NazarNews.kg