www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Шейит кеткен баатырларга түбөлүк даңк! Ушундай баатырларды тарбиялаган ата-энесине таазим», - деди бүгүн, 20-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев.

- Президент кайрылуусунда айтылчу нерселердин баарын айттыбы?

- Президент өз кайрылуусун көзүнө жаш, көкүрөгүнө муң толуп турган абалда жасады. Бала жоготуу эмне экенин жакшы билген Садыр иним ар бир баласын жоготкон ата-энелердин оор абалын жон териси менен сезип, ошолордун абалындай абалда кейип, оор үшкүрүп, өзүнүн эмоциясын араң кармап кайрылуу жасады. Мен да уулумду жоготком. Бала жоготуу ата-энеге кандай азап экендигин айтпай эле койоюн. Мен да Президенттин кайрылуусун көзүмө жаш алып туруп уктум! Шейит кеткен баатырларга түбөлүк даңк! Ушундай баатырларды тарбиялаган ата-энесине таазим! Биз азыр бузукуланып, бийликти сындаганды коюп ынтымакта болушубуз керек. Камчыбек Ташиев да көзүнө жаш алып кан күйгөн жерде жоокерлер менен бирге жүрөт. Баатыр Баткен элине дагы таазим! Биздин биримдигибизге эч ким шек келтире албайт! Жеңиш биз тарапта болот! Алга Кыргызстан!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости