www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги коомдук ишмер мурат Жетимишбаевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
- Мурат мырза, Атамбаев менчик телеканалына берген маегинде Бабановду акташ керектигин баса белгиледи. Кечээ эле кылмышкерге теңеп жаткан Бабановду мактоого эмне себеп болду деп ойлойсуз?
-...Элестеткиле, айланаңда эч ким жок, бутуңдан жер тайып турат, таянайын десең таяк жок, жөлөнөйүн десең жолдош жок. Кудай мындайды башка салбасын. Алмаз инимдин ахыбалы азыр оор эле. Эсиңиздердеби? Бир кезде өзү, оппоненттерине карата, "булар максатына жетиш үчүн шайтандын өзү менен дагы достошуп кетишет",- деп айтканы. Азыр так ошол сөз кайра өзүнө бумеранг болуп айланып, келип шак мээге тээп турган кези. Албетте, ызага муунуп, "кетпей кегимди өлбөй өчүмдү алам!",- деп ызырынып турган Атамбаев керек болсо, "сөөк өчтү" душманы менен да, эптеп өчөшкөнүнөн өч алгыча "жатындаш" болууга даяр экендиги бышык да. Кандай ойлосок да, ар бир сөзүндө өкүнүчтүн үшкүрү угулуп турган экс-ажонун айткандарын пенде катары туура кабыл алуубуз да абзел.
- Кырдаалды курчутпаш үчүн Атамбаев элдешүүгө да аракет кылганын айтты. Булардын элдешүүсүн эмне тоскоолдук болду деп ойлойсуз?
- Албетте, андай аракеттер болду, бирок ал аракеттер өтө кеч; биринчи тарап такыр айласы кетип калганда,- ал эми экинчи тарап, толук намыстанып, башкача айтканда "кылыч кынынан" суурулуп калган кезде болуп калды десек жаңылышпайбыз! Ооба, Атамбаев башында эле көнгөн адатына салып жаңы ишке киришип жаткан Президенттин ар-бир кадамын ашыкча сынга алып, одонолук менен акыл үйрөтүүчүлүкө барып, ортодогу "достук" очогуна суу бүркүп өзү өчүрүп алган. Чындыгында алгачкы күндөрдө Жээнбеков АШАнын көп "выходкаларын" жакшы эле көтөрүп келгени сыр деле эместир! Ар-бир нерсени өз чеги болот. Жыйынтыгында Президент өзүнүн моюнуна кандай жоопкерчилик тургандыгын толук сезип, чечкиндүүлүк менен өз жолун туура тандап алгандыгы туура болду. Азыр болсо ар-бир өткөн күн, азыркы Ажобуздун тандап алган жолу туура экендигин далилдегендей болгону ишенич арттырат!
Булак: NazarNews.kg