www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо болот?

- Өмүр бою саясатка кан жаны менен аралашып келген адам бир заматта, “мен эми кеттим, жакшы калгыла”,- деп кетип калалбайт! АША эми болгон аракетин жасап, өзүнүн саясаттагы бошоп кеткен позициясын аз болсо да калыбына келтирүүгө бүт арекетин жумшайт! Кетимиш болгону менен ал, ичинен, “карап тургула кетпей кегимди, өлбөй өчүмдү алам”,- деп кекенип турган чагы. Биз азыр АШАны жаны ачыган жаралуу жырткычка салыштырсак да болот!

Көп жан-жөкөрлөрү сатып кетти, сатпагандары ажонун чечкиндүү кадамдары менен камала баштады! Бул албетте ага абдан катуу сокку! Ал дайыма радикалдык кадамдарга бара тургандыгын айтып өз мезгилинде мурунку бийликтерди коркутуп келген жана ошондой радикалдык кадамдарынын аркасында бийликке келген адам! Ал пейилинен оңою менен кайра тартпайт го!

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Последние новости