www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги райондордун биринин мурдагы башкы архитектору кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин шаардык филиалынын жана Бишкек шаарындагы жер тилкелерин ыкчам (убактылуу) колдонууга берүү боюнча комиссиянын өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз жер берилгендиги боюнча фактыны аныктады.

Маалыматка караганда, прокурордук текшерүү учурунда Бишкектеги райондордун биринин мурдагы башкы архитектору Ж.М. жогорудагы мекеменин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, А.М. аттуу жубайынын наамына мораторий жарыяланган жерге архитектуралык-техникалык бүтүм чыгартып алууга жардам берген деп шектелүүдө.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каттоого алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости