www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту

Сочи шаарында президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.

Анын видеосун Пул3 телеграм каналы жарыялады. 

РИА Новости берген маалыматына караганда эки президент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал туурасында сүйлөшкөн.

--"Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көңүл буруп көз салып турдук. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн болгон күч-аракетин жумшайт", - деген Путин.

Россия лидери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйдү чечүүнүн узак мөөнөттүү ыкмасын табуу керектигин айткан.

Буга чейин аталган сапарда мамлекет башчыларынын Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү тууралуу сүйлөшүп, регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулай турганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости